ИШЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнүн айтканына, укканына, көргөнүнө ж. б. анык, чын деп ынануу белгилүү бир ишенимде болуу. Кулактардын ушагына ишенип, Жалгыз атын жара тартып таштады. (Токомбаев). Кемпир аны улам тиктеп жатып чын Сабийра экенине зорго ишенген (Сыдыкбеков). Мергенчи Ажардын сөзүнө ишенбеди (Жантөшев). 2. Таянуу, жөлөк кылуу, бел байлоо, үмүт кылуу, ишеничте болуу. Бир мыкты тууган да жок мен ишенер (Үмөталиев). Атайы мага ишенип келгениңе, Милдетим жолдоштукка кызмат кылмак (Осмонов).